Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Мунайчылар өкмөткө кайрылды


Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы өкмөткө кайрылып, Казакстанда кармалып турган күйүүчү майды Кыргызстанга алып келүүгө көмөктөшүүнү суранды. Бул тууралуу ассоциация президенти Медетбек Керимкулов билдирди. Анын айтымында, Орусиядан Казакстан аркылуу ташылып келаткан 240 вагон күйүүчү май “Луговое” темир жол станциясында 18-апрелден бери кармалып турат.

Казакстандын бажысы бул вагондорду документи толук эмес деген жүйөө менен кармоодо. Мунун айынан акыркы айда Кыргызстанга күйүүчү май 14 миң тонна аз кирди. Мунайчылар премьер-министр Жоомарт Оторбаевди бул маселеге 3-майда Казакстанга сапары учурунда көңүл бурууга чакырууда.(BkA/KE)

XS
SM
MD
LG