Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Сирияда жанкечтинин жардыруусунан 18 кишинин өмүрү кыйылды


Окуя өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Хама провинциясында болду. Жанкечти айдаган унаанын жарылуусунан 18 киши өлгөндөн тышкары, 50дөн ашуун адам жаракат алган.

Мамлекеттик САНА жаңылыкттар агенттигинин кабарына караганда, каза тапкандардын 11и жаш балдар.

Мамлекеттик теле жардыруу жасагандарды “террорчулар” деп атады.

Адатта Сирия бийликтери мындай аныктаманы президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан согушкерлерге карата колдонот.

Сирияда акыркы үч жылдан бери уланып жаткан жарандык согушта азыркыга чейин 150 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG