Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

Турсунбек Акун УКМКга суракка чакырылды


Мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошонушу боюнча суракка чакырылды. Бул тууралуу Акун өзү “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүн УКМКнын Максат Эсенбаев аттуу тергөөчүсү телефон чалып, суракка чакырган. Акун мыйзамдын негизинде чакыруу кагазын талап кылып баруудан баш тарткан.

Акун Баш прокурор Аида Салянова, УКМКнын төрагасы Бусурманкул Таабалдиев жана башка Батукаевдин бошотулушуна катышы бар деп айтылган кызмат адамдары менен бирге сурак берүүгө макул экенин билдирүүдө.

Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Азиз Батукаев былтыр апрелде Нарындагы түрмөдөн айыккыс ооруга чалдыкты деген себеп менен эртелей бошотулган. Бирок кийинчерээк ага коюлган диагноз туура эмес экенин депутаттык комиссия ачыкка чыгарган. Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар деген жүйө менен акыйкатчы Турсунбек Акун кызматтан бошотулган. Өткөн айда Баш прокурор Аида Салянова Батукаевдин бошону боюнча кылмыш иш жанданганын билдирген болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG