Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:34

Өкмөттө Бажы биримдиги боюнча жыйын өттү


Бүгүн кыргыз өкмөтүндө Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Жыйында премьер-министр Жоомарт Оторбаев Орусияга иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Мындан сырткары Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча “жол карта” тууралуу сөз болуп, макулдашуу үчүн Москвага жумушчу топ жөнөтүлөрү айтылды.

Ушул аптада премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин Москвага сапарында "жол картасы” толук макулдашылып бүткөнү, май айынын аягында Евразия экономикалык шериктештигинин саммити болуп, анда Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү боюнча чечимин жарыялары маалымдалган. (BkA)

XS
SM
MD
LG