Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Ооганстанда жер көчкүдөн 400дөн ашык киши өлдү


Бул жөнүндө “Азаттык” радиосуна өлкөнүн түндүк чыгышындагы Бадахшан провинциясынын орун басар губернатору Гүл Мухаммад Байдар 2-майда билдирди. Анын сөзүнө караганда, Аргу районундагы нөшөрлөгөн жаандан кийинки жер көчкү бүтүндөй бир кыштакты кыйратып салган.

1-майда Ооганстандын түндүгүндөгү Саманган провинциясында селден төрт адам, коңшулаш Баглан провинциясында бир адам өлгөнү да кабарланды. Саманган провинциясынын губернатору Кайрулла Анош жүздөгөн адамдар суу ташкындан сактануу үчүн үйлөрүн таштап качканын, сел көптөгөн тамдарды жана айдоо жерлерди кыйратып, эсепсиз малды агызып кеткенин билдирди. Апрелде эки күн тынбай куйган жаандан Ооганстандын түндүк батышында 100дөн ашык адам жайран болуп, миңдеген адамдар коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG