Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:46

Хейгел: Орусия болочокто НАТОну сынап көрөт


АКШнын коргоо министри Чек Хейгелдин айтымында, Орусиянын Украинадагы агрессиясы НАТО альянсынын “мааниси канчалык баалуу экенин ачыкка чыгарды”. "Келечекте Орусия НАТОну дагы сынап көрөт, биздин чыдамкайлыгыбызды жана союздук милдеттенмелерге канчалык бекем экенибизди да текшерет,”- деди Хейгел 2-майда Вашингтондогу Вильсон борборунда сүйлөп жатып. АКШнын коргоо министри НАТОнун мүчөлөрүн коргонууга бөлгөн чыгымдарды көбөйтүүгө да үндөдү.

Рейтер агенттиги кабарлагандай, мындай үндөө Украинанын аскерлери менен орусчул жикчилдер арасындагы кагылыштар курчуп турган маалда жасалды. Орусиянын Украинага басып кирип, Крымды аннексиялап алуусу НАТОнун мүчөлөрү арасында Кремл эми дагы кандай балакетти баштайт деген кооптонууну күчөттү.

XS
SM
MD
LG