Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Украин армиясы Славянскта эки тик учагынан ажырады


2-майда аскердик тик учактарды Славянск шаарындагы операция кезде орусиячыл жикчилдер атып түшүргөндө, эки учкуч курман болгон. Коргоо министринин милдетин аткаруучу Михайло Ковал Донецк облусунун белгисиз жайынан туруп берген интервьюда орусиячыл жикчилдердин чабуулун мындай сүрөттөдү:

- MI-24 аскерий тикучактын эскадрильясы “антитеррордук операция” кезде көчмө зениттик системанын чабуулуна кабылды. Бир учурда эки ракета атылды. Бир ракета нурлуу тузакка алданды, экинчи ракета тикучакка тийди. Өкүнүчкө карай, эки тикучак атып түшүрүлдү. Эки пилот курман болду. Башка пилотторду издеп жатабыз. Бизде алардын координаты бар. Аларды табуу үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз.

Украинанын Коопсуздук кызматы жарадар үчүнчү учкучту козголоңчулар туткундап кеткенин маалымдады.

Славянсктагы операциянын максаты: “барымтадагыларды, административдик имараттарды бошотуу жана жикчилерди куралсыздандыруу” экенин Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков билдирди. Маалыматта жикчилер ракеталар, оор артиллерия жана гранаталар менен куралданган жана өкмөттүк күчтөр шаардын айланасындагы тогуз көзөмөл бекетти алышканы айтылат.

Славянск шаарын жикчилер апрелдин башынан бери көзөмөлдөйт. Алар шаар мэрин, бир нече журналистти, украин коопсуздук кызматынын үч адамын жана ЕККУнун аскерий байкоочулар тобун барымтага алышкан. Жикчилер украин күчтөрүнүн операциясы кезде бир өкүлү окко учканын маалымдашты.

XS
SM
MD
LG