Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

УОК: Садиевдин өлүмү Мырзакматовго саясий басым


Улуттук оппозициялык кыймыл Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун тууганы Жеңиш Садиевдин өлүмүн саясатчыга басым катары кабыл алды. Бул тууралуу Мырзакматовдун кеңешчиси Уран Ботобеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кол салуудан каза тапкан Садиев Мырзакматовдун иштерине кол кабыш кылып жүргөн. Мындан улам Улуттук оппозициялык кыймыл бул кол салууну талкуулады жана жакынкы күндөрү атайын билдирүү менен чыкмакчы.

30-апрелде Жеңиш Садиевди белгисиз бирөөлөр үйүнөн атып кетишкен.

Ок жаңылган Садиевге Ошто операция жасалып, бирок бир күндөн кийин каза тапкан. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев күч органдарына бул окуяны тыкыр иликтөө тапшырмасын берген. (BkA)

XS
SM
MD
LG