Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Ооганстанда жер көчкүдөн 2500дөй адам өлгөн болушу мүмкүн


Бадахшандын Арго районунда жер көчкөн айылдын тургундары аймакты изилдеп жатышат, 2-май, 2014
Бадахшандын Арго районунда жер көчкөн айылдын тургундары аймакты изилдеп жатышат, 2-май, 2014
Бул тууралуу азыр ооган бийликтери айтып жатышат. Кечээ өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясында нөшөрлүү жаандан кийин жер көчүп, четтеги тоолуу аймактагы айылды дээрлик толук басып калган. Бүгүн Бадахшандын губернатору Валиулла Адеб кырсык болгон жерде элди 10 метрге чейин жеткен көчкү басып калганын айтты. “Алардын арасында тирүү калгандар болушуна ишеним жок”, - деди губернатор.

Бириккен улуттар уюму азыр кырсыктан жабыркаган Абе-Барик айылында аман калган 4 миңдей кишиге жардам берүүгө аракет кылып жатканын билдирди. Ооганстандын Кырсыктар боюнча улуттук департаменти бул аймакта жер көчкүлөр дагы кайталанышы мүмкүн экенин кабарлап жатат. Департамент азыр 700дөй үй-бүлөнү тамак-аш, таза суу, чатыр жана төшөнчүлөр менен камсыз кылып турганын билдирди.

Соңку апталарда өлкөнүн түндүгүндө тынбай жааган жаандан улам түрдүү кырсыктар кайталанып, миңдеген эл үй-жайсыз калган.

XS
SM
MD
LG