Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Бишкекте Америка футболу боюнча турнир башталды


Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо америка футболу боюнча “BishkekBowl-2014” эл аралык турнир башталды. Турнирде Кыргызстандын “Барс” командасы менен Орусиянын “Сталевары” командасы беттешкени турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Америка футбол федерациясынын өкүлү Евгений Булгаков маалымдады.

Быйыл америка футболу боюнча эл аралык турнир алтынчы ирет өткөнү жатат. Мурдагы мелдештерге АКШ, Казакстан, Орусиядан командалар катышкан. Америка футболу боюнча улуттук команда Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттеринин демилгеси менен түзүлгөн. 2004-жылы Түркиянын Стамбул шаарында өткөн эл аралык мелдеште Бишкектин “Барсы” командасы жеңишке жеткен. (КМа)

XS
SM
MD
LG