Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:10

Ирактагы чабуулда беш полициячы курман болду


Багдаттагы чабуулдардын акыркыларынын бири 25-апрелде шиит саясий топторунун жүрүшүндө болгон эле.
Багдаттагы чабуулдардын акыркыларынын бири 25-апрелде шиит саясий топторунун жүрүшүндө болгон эле.
Ирактын баш калаасы Багдаттын түндүгүндө жанкечтинин чабуулунан полициянын беш кызматкери курман болду. Полициядан кабарлашкандай, 2-майда Дужаил шаарчасына кире бериштеги өткөрмө бекетте бомба менен дүрмөттөлгөн машиненин айдоочусу өзүн жардырып жиберген. Окуяда дагы алты киши жаракат алган. Дужаил Багдаттан 80 чакырымдай түндүгүрөөктө жайгашкан.

Соңку кездери Иракта зомбулук кайра күчөгөнү байкалат. Былтыр, БУУнун кабарына караганда, өлкөдө 8898 адам түрдүү чабуулдарда көз жумду. Бул 2007-2008-жылдардагы диний топтор ортосундагы кан төгүүлөрдүн күчөгөн мезгилинен берки жоготуулардын эң эле жогорку жеткен чеги экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG