Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Баткен: Ак-Сайда жол буулуп турат


Баткендин Ак-Сай айылында Тажикстандын Ворух анклавына кетчү жол ушул тушта буулуп турат. Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Рысбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, кечээ түнкү саат 11лер чамасында малын Улар жайлоосуна айдап бараткан аксайлыктарды тажик чабандары өткөрбөй койгон. Муну уккан айылдыктар чогулуп, бүгүн түнкү саат үчтө жол жабылды. Тажик тарап Лейлекке кетчү жолду бууду. Кыргыз жарандарына таандык эки унаа талкаланды. Учурда аксайлыктар анклавды айланып өткөн жолду тезирээк салып берүүнү жана жайыт маселесин биротоло чечүүнү талап кылып жатат. Азыр окуя болгон жерде Баткен облусунун губернатору баштаган жетечилер жүрөт.

Малын жайлоого айдап бараткан аксайлыктарды тажик жарандары Ворух аркылуу өткөрбөй койгон учурлар буга чейин да катталган.

Ак-Сай айылына кетчү жол Тажикстандын Кожалы айылын аралап өтөт. Андан өткөн кыргыздардын машинелерине таш атуулар көп катталып, жаңжалдар болгонунан Көк-Таш-Ак-Сай жолу өткөн жылдын соңунда курула башталган. Тажик тарап буга каршы чыгып, 11-январда чек арачылар ортосунда ок атышуу болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG