Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Украинада бошотулган ЕККУ инспекторлору Берлинге келишти


Бошотулган байкоочуларды Берлиндин «Тегель» аэропортунан, Германиянын, Чехиянын, Даниянын коргоо министрлери жана Польша, Швециянын өкмөт өкүлдөрү тосуп алышты.

Келээри менен журналисттерге берген билдирүүсүндө, кармоодо турган чехиялык офицер кармоодогу алгачкы суткалар оор болгонун, аларды дааратканага да таңылган көзү менен алып барып турганын, бетон жерде жатып жүрүшкөнүн ачыктады.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жети инспектору Словянск шаарында орусиячыл топтор тарабынан 25-апрелден бери кармалып турган.

Орус президенти Путиндин атайын чабарманы Владимир Лукин барганда гана кармоодо турган чет өлкөлүк байкоочулар бошотулган. (SA)

XS
SM
MD
LG