Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Футзал: Азия чемпионатында Кыргызстан алдыда


Вьетнамдын борбору Хошимин шаарында футзал боюнча Азия чемпионатынын финалдык оюндарында Кыргызстандын тандалма командасы экинчи беттешүүсүндө Түштүк Кореяны 4:1 эсебинде жеңип, өз тобунда алдыга чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн футзал бирикмесинин жетекчиси Ырыскелди Мусаев кабарлады.

Кыргызстандык футболчулар 5-майда Жапониянын тандалма командасы менен беттешет. Бул күнү өзбекстандыктар дагы түштүк кореялыктар менен күч сынашат.
1-майда Өзбекстандын командасы менен 2:2 эсебинде тең чыккан.

Футзал боюнча Азия чемпиондугу үчүн тандалган 16 өлкөнүн улуттук командасы 4 топко бөлүнүп мөөрөй талашууда. Кыргызстандын тандалма командасы чүчү кулак кармоодо D тобунда күчтүү атаандаштарга: Жапония, Түштүк Корея жана Өзбекстандын тандалма командаларына туш болгон.

Хошимин шаарында өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпионатынын финалдык оюндары 10-майда жыйынтыкталат.

2005-жылы Азия чемпионатында кыргызстандыктар байгелүү үчүнчү орунга ээ болгон. (КМа)

XS
SM
MD
LG