Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Индияда шайлоо учурундагы зомбулуктан 30дан ашуун адам өлдү


Ассам штатынын Нагоам районунда мусулман аялдар шайлоого катышууда, 7-апрель, 2014
Ассам штатынын Нагоам районунда мусулман аялдар шайлоого катышууда, 7-апрель, 2014
Индиянын түндүк-чыгышындагы Ассам штатында үч күндүк зомбулукта 30дан ашуун мусулман өлтүрүлгөндөн кийин, өкмөттүк аскерлер жиберилди. Ассамдагы зордук-зобун өлкө боюнча өтүп жаткан шайлоо жыйынтыкталып жаткан чакка туш келүүдө. Бул шайлоо Индияда диний жана этникалык чыңалууну жаратты. Анда хинди улутчул “Бхаратия Жаната партиясы” жеңет го деп жатышат.

Ассамга мусулмандар чектеш Бангладештен көчүп келишкен. Аларга соңку күндөрдө жасалган чабуул үчүн бийликтер жергиликтүү Бодо уруусунун өкүлдөрүнүн айыпташкан эле. Шайлоодо жеңет деп күтүлүп жаткан партиядан премьер-министрликке көрсөтүлүшү мүмкүн болуп турган Нарендра Моди өткөн жумадагы сөзүндө эгер ал өкмөттү башкарып калса, анда Бангладештен келген мыйзамсыз мигранттар “түйүнчөгүн түйө беришсе болот” деген. Индияда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы 16-майда жарыяланышы керек.

XS
SM
MD
LG