Бүгүн мамлекеттик маалымат каражаттары билдиришкендей, кырсык өлкөнүн түштүгүндөгү Гуаңдоң провинциясынын айылдарынын биринде кечээ болгон. Куткаруучулар урандылар астынан 26 адамды сууруп чыгышты, бир топ киши жаракат алган. Алардын көбү куруучулар экенин айтышты.
Лияңкеңкоу айылына көпүрө курганга уруксат берилген эмес экен. Ошондуктан бийликтер курулуш иштерин токтотуш керектигин бир канча ирет эскертишкен. Азыр эми курулушка жооптуу үч киши камакка алынганы айтылууда.