Борбор калаадагы Курманжан датканын эстелигинин алдына чогулгандар Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү эң ириде өлкөнү Орусиядан экономикалык көз карандылыкка алып келерин билдирүүдө. Иш-чараны “Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылы, “Реформа”, “Демократиялык альянс” партиялары биргелешип уюштурууда.
Жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстан Бажы биримдигине кошулса өлкөнүн саясий-экономикалык эгемендиги чектелерин, улуттук кызыкчылыктарга доо кетерин айтып, биримдикке кошулбоого үндөп келишет.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Бажы биримдигине кирүү үчүн Кыргызстандын “жол картасы” дээрлик бүтүп калганын билдирген. Жогорку Кеңеш бул маселе боюнча жакынкы күндөрү парламенттик угуу өткөрөт. Учурда бул уюмга Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. (ZKo)