Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Турчинов: Орусия Украинага каршы согуш жүргүзүүдө


Украина президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов "Орусия биздин өлкөгө каршы согуш жүргүзүүдө" деди. Ал 4-майда украиналык “5-каналга” берген интервьюда:

- Орусия Федерациясы тарабынан биздин өлкөгө каршы согуш жүрүүдө. Алар чыгышта жана түштүктө кырдаалды толук бейстабилдештирүүгө аракет кылууда, - деди.

Турчиновдун сөзүнө караганда, тополоң чыгарып, Одессаны “чөгөлөтүүнү” каалаган “жергиликтүү провокаторлор менен жикчилерге” “мекенчил украиналыктар” бөгөт койгон. Ал 2-майда орусиячыл “активисттер жана кылмышкерлер” Одессада уюштурган коогалаңга “Орусиянын паспорту бар көптөгөн адамдарга” катар Молдованын амирин тааныбаган жикчил Днестровсктен келген “коноктор” да катышканын кошумчалады.

Турчинов чыгыш Украинада көптөгөн полиция кызматкерлер “жикчил топторго саналаш” экенин да белгилей кетти.

XS
SM
MD
LG