Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Ошто төрт айда 15 машине уурдаган топ кармалды


Ош шаарында “жыл башынан бери 15 машина уурдады” деген айып менен Кадамжай районунун эки тургуну камакка алынды. Алар соңку төрт ай ичинде шаардан “Тико” жана “Мерседес-Бенц-Е230” үлгүсүндөгү унааларды уурдап, Тажикстандын Хожент шаарындагы кардарларга 500-800 доллардан сатканын мойнуна алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Камакка алынган жигиттер 20 жана 23 жашта. Алардын дагы эки шериги изделип жатат. Уурдалган 15 унаанын 13үн сатып жиберишкен. Эки машине ээлерине кайтарылды.

Милициядагы маалыматтарга караганда, алардын буйрутмачылары Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары болушу мүмкүн. (SE)

XS
SM
MD
LG