Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Орусия Украинаны “кан төгүүнү” токтотууга чакырды

Москва Киевди мамлекет чыгышындагы апаатты токтотууга чакырып, муну Украинанын аскерий аракеттердин арты менен жүргүзүп жаткан “кан төгүү кадамы” катары баалады.

Орус Тышкы иштер министрлигинин 5-майдагы билдирүүсүндө украин күчтөрү орусиячыл жикчилдердин аракетин сүйлөшүү жолу менен токтотушу керектиги белгиленген.

Бүгүн Вена шаарында өтө турган Европа кеңешенин жыйынына эки өлкөнүн тең тышкы иштер министрлери катышып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

5-майда Словянскидеги кагылыштарда Украин армиясы төрт аскеринен ажырады. 140 миң калкы бар Словянск апрелдин башынан бери орусиячыл жикчилердин колунда. Украин өкмөтү шаар сепаратисттерден бошотулмайын, антитеррордук операция улантыла берерин маалымдаган.

2-майда Одессада болгон кагылышта 40тан ашуун адам мерт кеткен.

Украин өкмөтү куралдуу калабалар үчүн Орусияны айыптап жатат. Бирок Москва муну четке кагууда.
​
XS
SM
MD
LG