Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:24

Ажылыкка баруу боюнча аймактарда талкуулар жүрүп жатат


Быйылкы ажылыкты уюштуруу иштери жана зыяратка баруу шарттары боюнча муфтият өкүлдөрү жер-жерлерде коомчулук менен жолугушууларды уюштуруп жатат.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашкандай, 12-майдан 12-июнга чейин ажылыкка баруучулардын тизмесин тактоо иштери жүргүзүлөт.

Эгер Мекеге барам дегендердин саны ар бир аймакка бөлүнгөн квотадан ашып кала турган болсо, анда бир канча адамдан турган комиссия ажылыкка барууну каалагандар ортосунда чүчүкулак өткөрөт. Ага катышып, быйылкыга илинбей калгандар кийинки жылдагы зыяратчылардын алдыңкы тизмесине киргизилет.

Ажыга баруунун баасы 2400 доллар деп бекитилген. Быйыл Сауд Арабия Кыргызстанга 3685 ажылык квота бөлгөн. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG