Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Өкмөт өкүлдөрү эл аралык уюмдар менен бирге адам укугун талкуулайт


Бүгүн Өкмөттүн алдындагы адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен улуттук консультациясы башталат. Бул тууралуу кеңештин өкүлү Эрбол Пазылов “Азаттыкка” билдирди.

Жыйын 6-7-май күндөрү Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасында болот. Анын жыйынтыгы менен Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча Кеңешинин кезектеги баяндамасына болжолдуу доклад даярдалат.

Улуттук консультацияга Жогорку Кеңештен, президенттик аппараттан, “Фридом Хаус” уюмунан өкүлдөр катышат. Андан сырткары бүт министрликтердин, диний жана бейөкмөт уюмдардын кызматкерлери чакырылган.

Эл аралык “Фридом Хаус” жана "Хюман Райтс Уотч" уюмдары 2013-жылдагы отчетунда Кыргызстанда этникалык, диний жана сексуалдык азчылыктардын укуктары жакшы корголбой жатканын жазышкан. Абактагы кыйноолор да негизги маселе бойдон калып жатканы айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG