Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

«Дордойдун» соодагерлери митингге чыгууга даяр


Борбор Азиядагы эң ири базарда бир нече айдан бери соода жок, ишкерлер салык, насыя акчаларын төлөй албай жатат. Бул тууралуу "Дордой" соода комплексинин кесиптик кошуун төрайымы Дамира Дөөлөталиева “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда 2010-жылы Казакстан чек арасын жапкандан бери базарда соода төмөндөп отуруп, быйылкы жыл башынан тарта дээрлик жок, соодагерлер патент алуудан жана салык төлөөдөн баш тартууда. Бул көрүнүш улана берсе 60 миңден ашуун соодагер митингге чыкмакчы.

“Дордой” базары аркылуу Кытай, Түркия, Араб эмираттары жана башка өлкөлөрдөн апкелинген товар кайрадан жакынкы коңшу мамлекеттерге экспорттолот. Ошондой эле базарда “Кыргызстанда тигилген” бренди бар товарлар да сатылат. Соодагерлер реэкспорттун көлөмү кескин азайганын жыл башынан бери эле айтып келишет.

Адистердин белгилөөсү боюнча бул Бажы биримдигине мүчө Казакстан акыркы убактарда Кыргызстандан үчүнчү өлкөлөрдүн товарын киргизүүнү мурдагыдан да катаалдантканына байланыштуу болууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG