Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Прокуратура кыйноолорго каршы чараларды күчөтөт


Башкы прокуратура аймактык көзөмөл органдарынан кыйноолорго каршы иш алып барууну күчөтүүнү талап кылмакчы. Бул тууралуу Баш прокурордун орун басары Людмила Усманова бүгүн адам укуктарына байланыштуу жыйында билдирди.

Анын айтуусунда өткөн жылы аймактык 50 прокурор кыйноолордун алдын алуу боюнча тийиштүү иш жүргүзбөгөнү үчүн жазаланган. Ошондой эле кыйноого кабылган жарандардын арызы прокуратура тарабынан катуу көзөмөлгө алынат.

Людмила Усманова көп учурларда кыйноого кабылып даттанган жарандар тергөөдө жана сотто көрсөтмөсүн өзгөртүп жиберерин айтып, кыйноолор боюнча мыйзамдарды колдонууда соттук-тергөө тажрыйбасын иштеп чыгууну сунуштады.

Бүгүн Бишкекте Өкмөт алдындагы адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен улуттук консультациясы эки күндүк ишин баштады.

Эл аралык “Фридом Хаус” жана "Хюман Райтс Уотч" уюмдары 2013-жылдагы отчетунда Кыргызстанда этникалык, диний жана сексуалдык азчылыктардын укуктары жакшы корголбой, жабык жайларда кыйноолор негизги маселе бойдон калып жатканын белгилешкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG