Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Каталониялык студенттер “Тез жардам” унаасын тапшырды


Тиешелүү медициналык жабдыктар менен жабдылган “Фольксваген” үлгүсүндөгү “Тез жардам” унаасы Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна тапшырылды.

Рожер Истив, Серги Серезо жана Ана Седано Каталониядагы Дене тарбия институтунда окушат. Кыргызстанга көрсөтүп жаткан жардам – алардын дипломдук иши. Алар ЮНИСЕФ уюмунун маалыматынын негизинде “Кыргызстандын жылмаюусу” долбоорун иштеп чыгышкан.

Барселона шаарынан Бишкекке чейин 25 күн жол басышкан студенттер Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы спорттук мектептерге да тийиштүү жабдыктарды тартуулашмакчы. (UEz;ZKo)

XS
SM
MD
LG