Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Жаштардын тынчтык орнотуу долбоору башталды


Өлкөнүн түштүк облустарындагы 23 жаштар борборунда "Тынчтыкты орнотуу жана жумуш табууга багыт берүү" урааны алдында жаштардын жаңы долбоору башталды. Аны "Жаш жарандардын өнүгүүсү" коомдук фонду ЮНИСЕФ эл аралык уюму менен биргеликте аткарууда. Бул тууралуу коомдук фонддун аткаруучу директору Майрамбек Адылбеков билдирди.

Долбоордун алкагында Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы 7 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары окутулуп, жаштар арасында чакан долбоорлорго сынак жарыяланат. Ал эми күз айларында Баткен шаарында чек ара маселесине байланыштуу жаштардын эл аралык форумун өткөрүү пландалган.

Жыл аягында жыйынтыкталуучу долбоорго жалпы жонунан 15 миллион сом каралган. (RsK)

XS
SM
MD
LG