Билим берүү жана илим министрлиги атайын буйрук менен окуу жылынын аякташына арналган иш-чара – “Акыркы коңгуроону” өткөрүүнү 24-майга бекитти. Ага байланыштуу мектептерде акча жыйноого, бүтүрүүчүлөр жана ата-энелерге кафе-ресторан, сайрандоочу жайларда жана жаратылыш койнунда майрамдоого да тыюу салынды.
Билим берүү жана илим министрлиги “Акыркы коңгуроону” шаан-шөкөт менен майрамдоого жыл сайын тыюу салганына карабай, бүтүрүүчүлөрдүн мугалимдерге, мектепке белек алуу үчүн акча жыйноосу, кафе-ресторандарда майрамдоосу тыйылбай келет. (ZKo)