Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:35

Энелердин абалы боюнча Кыргызстан дүйнөдө 108-орунда


Лондондо жайгашкан Save the Children уюму жарыялаган дүйнөдөгү энелердин абалы жөнүндөгү 2014-жылкы баяндамада энелер үчүн эң жакшы шарттар Финляндия, Норвегия жана Швецияда түзүлгөнү көрсөтүлгөн. Эң катаал өлкөлөр деп Самоли (117), Мали жана Нигерия (экөө тең 175) аныкталган.

Америкалык энелердин өлүмү Иран менен Румыниядагыдай көрсөткүчкө барабар. Тизмеде Орусия (62), Казакстан (63), Украина (72), Түркмөнстан (82), Кыргызстан (108), Өзбекстан (111), Тажикстан (134), Ооганстан (146) орунда турат.

Баяндамада энелердин жана балдардын өлүмү, билим берүүнүн абалы, аялдардын кирешеси менен саясий макамы иликтенген. Кандуу жаңжалдар, саясий бейстабилдүүлүк, табигый кырсыктар болгон жакыр өлкөлөрдө энелер менен балдардын жашоо шарты төмөн деген тыянак чыгарылат.

XS
SM
MD
LG