Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Хейг: Орусия Украинада шайлоону болтурбоого аракеттенүүдө


Британ тышкы иштер министри Уильям Хейг Украинада 25-майда өтө турган президенттик шайлоону Орусия үзгүлтүккө учуратууга аракеттенүүдө деп санайт.

Бул тууралуу Хейг Венага Европа Кеңешинин министрлер жыйынына келгенде билдирди. Венадагы жолугушууда талкуулана турган маселелердин бири Украинадагы кырдаал. Британ министри украин эли өз президентин эркин, демократиялык шайлоо аркылуу тандоого укуктуу экендигин кошумчалады.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Украинанын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Андрей Дещица да Венадагы жыйынга катышат.

Австриянын баш калаасына Европа Кеңешине кирген өлкөлөрдөн 30 министр келет.

XS
SM
MD
LG