Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Кыргызстанда ар бир бешинчи мечит катталган эмес


Бул тууралуу Коргоо кеңешинин жумушчу тобу иштеп чыккан концепцияда айтылат. Ага ылайык, ушул тапта Кыргызстанда иштеп жаткан мечиттердин 20% тиешелүү документи жоктугуна байланыштуу диний иштер боюнча мамлекеттик органдын каттоосунан өткөн эмес. Маалымат боюнча өлкөдө 2362 мечит, 80 медресе бар.

Документте айтылгандай, мечиттерди каттоо диний тармакты тескөөчү укуктук-нормативдик жоболордун так эместигинен, мечит куруудагы нормалар сакталбаганы жана башка себептерден улам жүргүзүлгөн эмес. Ошондой эле намазканалардын мыйзамда эч кандай жобо менен тескелбегени да себеп катары айтылууда.

Иликтөөчүлөр белгилегендей, намазкана деп курулуп, аягында ал жерде ар кандай диний үгүт иштери жүргүзүлгөн учурлар арбын.

КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия курулуш эрежелери, коопсуздук чаралары эч ким тарабынан көзөмөлдөнбөй жатканын маалымдаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG