Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Пакистанда туристтерди милдеттүү түрдө эмдөө башталат


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Пакистандагы жалпы кырдаал боюнча эскертүүсүнөн кийин өлкө бийликтери аэропорттордо эмдөө бекеттери ачыларын билдирди. Пакистандын саламаттык сактоо министри өлкөгө келген туристтерге милдетүү түрдө эмдөө жүргүзүү максатында борборлор түзүлгөнүн айтты.

Быйыл дүйнөдө полиомиелит вирусуна чалдыккан 74 кишинин 59у Пакистанда катталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көзөмөл тобу Пакистандан чыккан вирустун дүйнөгө тарап кетүү коркунучу бардыгын эскертти.

Дүйнөлүк уюм 5-майда эгер полиомиелит тарап кетсе, анда соңку 30 жылдагы бул илдетти жок кылууга жасалган аракеттин баарын текке кетирет деп билдирди. Азия, Африка жана Жакынкы Чыгыштагы 10 өлкөдө бул вирустун жайылып кетүү коркунучу бардыгын да уюм эскертет.

XS
SM
MD
LG