Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Крымда татар Межилисинин мүчөсү сабалды


Крымдагы татар Межилисинин мүчөсү Абдураман Эгизди Симферополь шаарында белгисиз кишилер сабап кетти. Бул тууралуу Межилистин коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Али Хамзин кабарлады. Окуя 6-май күнү болгон. Аскер кийиминдеги кишилер Абдураман Эгизден документтерин талап кылган. Өздөрүн Крымдын коргоо өкүлдөрү деп тааныштырган жигиттерге Эгиз эч кандай документ көрсөтпөгөндөн соң, аны токмоктоп салышкан.

Крымда азчылыкты түзгөн татарлардын өзүн-өзү башкаруу органы жана саясий уюму катары саналган – Межилис аймак Орусия тарабынан аннекcияланышына каршы чыккан. Ушул күнгө чейин Межилистин Симферополдогу баш кеңсесинде Украинанын желеги илинип турат.

XS
SM
MD
LG