Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Ирандагы мунай базасында ири өрт катталды


Тегерандан 130 километр алыста жайгашкан Казвин шаарындагы мунай базасында шейшембиде чоң өрт чыкты. Жергиликтүү маалымат булактары кабарлагандай, өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону токтотууга бир нече саат убара болушту.

“Фарс” агенттиги 50дөн ашуун адам жараат алганын, алардын көбү оор абалда экенин жазды. Ошол эле учурда аймактын губернатору Саид Мибаха жабыркагандар жок экенин белгиледи.

Бийлик өкүлдөрү кырсыктын себептери иликтенип, андан келтирилген зыян кийинчерээк маалымдаларын билдиришти.

XS
SM
MD
LG