Кыргызстанда "Автожолдор жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилгени жатат. Бул боюнча мыйзам долбоор добуш берүүгө жөнөтүлгөнүн парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Оор жүк ташыган машиналар жолду бузса, алардын ээси келтирилген зыянды төлөп берүүгө милдеттүү болот.
Көптөгөн жергиликтүү жүк ташуучу компаниялар Кытайдан товар алып келген чоң машиналар жолду бузуп жатканын, бирок аларга эч чара көрүлбөй келатканын айтууда. (RK)
Көптөгөн жергиликтүү жүк ташуучу компаниялар Кытайдан товар алып келген чоң машиналар жолду бузуп жатканын, бирок аларга эч чара көрүлбөй келатканын айтууда. (RK)