Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:36

Абасовдун өлүмүнө шектелип Дмитрий Цой кармалды


ИИМдин маалыматы боюнча белгилүү ишкер, “Интел линкс” компаниясынын негиздөөчүсү Дмитрий Цой кечээ кечинде кармалган. Ал мушкер Руслан Абасовдун өлүмүнө тиешеси бар деп шектелүүдө. Цойду ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери кармаган.

Аталган башкармалыктын башчысы Рафик Мамбеталиев бүгүн Цойдун кармалышына байланыштуу журналисттерге кеңири маалымат бермекчи.

Дмитрий Цой Кыргызстанды паспорт менен камсыз кылган “Интел Линкс” фирмасынын негиздөөчүсү катары белгилүү. Ал өткөн жылы Ысык-Көлдө Кумтөр алтын кенине каршы митингдерди каржылаган деп да айтылып жүргөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG