Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн курулушуна сот тыюу салды


Октябрь райондук соту борбор калаадагы Байтик баатыр – Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишине курулуп жаткан көп кабаттуу имаратты сүрдүрүп салууга өкүм чыгарды. Райондук прокуратура ал жерде көп кабаттуу турак-жай, жер алдындагы автоунаа токтотуучу жайы менен медициналык борбордун курулушунун текшерип, бир катар мыйзам бузууларды аныктаган. Натыйжада прокуратура аны “өзүм билемдик” менен мыйзамсыз курулуп жаткан объект деп, сүрдүрүп жок кылууну курулуштун ээсине тапшыруу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Октябрь райондук соту 30-апрелде прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган чечим чыгарды.
Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы 7-майда кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG