Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Бажы биримдиги боюнча "жол карта" даяр эмес


Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча "жол карта" азырынча даяр эмес. Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда кыргыз өкмөтү "жол картаны" жакынкы күндөрү карап, бекитет, андан кийин коомчулукка тааныштырылат. Өкмөт бекиткенден кийин аны Бажы биримдигинин негиздөөчүлөрү кабыл алууга тийиш.

Жоомарт Оторбаевдин белгилөөсү боюнча кыргыз өкмөтү Биримдикке мүчө өлкөлөрдөн бир жылдык өткөөл мөөнөт суроодо. Анын айтуусунда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү үчүн дагы бир жыл керек. Премьер-министр ошондой эле учурда экономика министринин орун басары Данил Ибраев баштаган атайын делегация "жол картасын" сүйлөшүп Москвада жүргөнүн кошумчалады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG