Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Апрель окуясында жабыркагандар митингге чыкты


Бүгүн Бишкекте Ак үй алдына чогулган 50дөй киши Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү адилет каралган жок деп нааразылыгын билдирүүдө. Алар бул үчүн Убактылуу өкмөттөн тартып бүгүнкү бийлик ээлерин, күч органдарын жана сот системасын айыптоодо.

“Мекен шейиттери” коомунун теңтөрагасы Арстан Сагындыковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча кечээ сот Апрель окуясы боюнча өкүм чыгарат деп айтылганы менен аны бир айлык мөөнөткө созуп койгону жабырлануучулардын нааразылыгын туудурду. Ошондой эле алар 2010-жылдын 7-апрелинде элге ок аткандарга мамлекеттик айыптоочулар сурап жаткан жаза өтө эле жумшак деп эсептешет.

Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү 2010-жылы 30-ноябрда башталган. Ишти карап жаткан Бишкек гарнизондук аскер соту териштирүүнү кечээ жыйынтыктап, өкүм чыгарууну 6-июнга калтырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG