Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

Баткенде кытайлык компанияга каршы митинг өтүүдө


Ушул тапта өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн алдына 100 чамалуу киши чогулуп, Самаркандек аймагында көмүр казууга уруксат кытайлык “Азамат кен” компаниясына берилишине нааразылыгын билдирип жатат. Алардын айтуусунда аталган ишкананын лицензиясы 2013-жылы бүткөн, быйыл кайра узартылган.

Жергиликтүү ишкерлер көмүр казуу үчүн уруксат лицензияны 5-6 жылдап кезекте туруп ала албай жүргөнүн, бул аралыкта чет өлкөлүктөргө оңой берилип, узартылып жатканын белгилешүүдө.

Ушул сааттарда акциянын катышуучулары менен өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Бакир Жолчиев сүйлөшүүдө. Жолчиев кытайлык "Азамат кен" ишканасынын лицензиясы узартыла электигин, алардын бул тууралуу өтүнүчү каралып жатканын маалымдады. (JsA;ZKo)

XS
SM
MD
LG