Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

Славянск шаарында куралдуу кагылыш жүрүүдө


Ушу тапта Украинанын Донецк облусуна караштуу Славянск шаарында куралчан орусиячыл жикчилер менен өкмөттүк аскерлер ортосунда кагылышуу жүрүүдө. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Славянскты тазалоо операциясын өкмөттүн аскерлери 7-майга караган түнү баштаган болчу. Учурда шаарда коомдук унаа токтоп турат, көчөдө адам көрүнбөйт.

Апрелдин ортосунда башталган нааразылык акцияларынан кийин орусиячыл жикчилер Славянсктагы айрым мекемелерди басып алган. 5-майда аларды кетирүү операциясы уланып, полициянын билдиргенине караганда, 4 күч кызматкери мерт болду. Ал эми жикчилер арасында жоготуу 30 адам.

Украинанын чыгышында эл арасында эки тарап болуп тирешүү Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин башталган. (RK)

XS
SM
MD
LG