Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Украин күчтөрү Мариупол шаарына кирди


Мариупол шаар кеңешинин алды. 7-май, 2014 -жыл.
Мариупол шаар кеңешинин алды. 7-май, 2014 -жыл.
Украинанын чыгышында райборбор катары саналган бул порттук шаарда түндө коопсуздук күчтөр менен орусиячыл согушкерлер ортосунда атышуу жүргөн. Бүгүн эртең менен шаар кеңештин имаратын украин күчтөрү ээлегени кабарланган эле. Бирок аскерлер имараттан кеткенден кийин шаар кеңешке кайра эле орусиячыл жикчилер кирип, орус желегин көтөрүшкөн.

Бул аралыкта украин күчтөрү Мариуполдон 20 чакырам чыгыштагы Мангуш шаарчасындагы атышуулардан кийин өзүн өзү жарыялаган Донецк элдик республикасынын коргоо министри Игор Какидзяновду кармашты.

Донецк элдик республикасын жарыялагандар 11-майда Украинадан бөлүнүү боюнча референдум өткөрүүгө камынууда. Расмий Киев бул референдумдун артында Орусия турат деп эсептейт.

Түндө Славянск шаарынын айланасында да уруш жүргөн. Ал жердеги орусиячыл козголоңчулар шаарды курчап турган өкмөттүк күчтөргө кол салган. (UE)

XS
SM
MD
LG