Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Марс Жусупбеков төрт жылга камалды


Бишкектеги №1 тергөө абагынын мурдагы жетекчиси Марс Жусупбеков төрт жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдү Октябрь райондук соту чыгарды.

“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” жана “Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чапкан” деген беренелер боюнча айыпталган Жусупбеков сот залынан камакка алынды. Бул тууралуу райондук соттун канцелярия бөлүмүнөн кабарлашты.

Жусупбековго 2013-жылдын ноябрында Башкы прокуратура кылмыш иш козгогон. УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, 23-декабрда үй камагына чыгарылган.

Кылмыш иштин козголушуна өткөн жылдын сентябрында интернетке жарыяланган тасма себеп болгон. Видеодо №1 тергөө абагында отурган Абдулла Юсупов жана бир нече адам дасторкон четинде бири-бирин Айт майрамы менен куттуктап, дагы бирөөнүн телефон менен сүйлөшкөнү көрсөтүлгөн.

Марс Жусупбеков өзүнө тагылган айыпты четке кагып келет. Ал абактагы Юсуповго мындай өзгөчө шарт Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин көрсөтмөсү менен түзүлгөнүн билдирген.

Рысалиев бул маалыматты четке каккан. (SE)

XS
SM
MD
LG