Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылына жакын жерде жаңжал чыкканын “Азаттыкка” айыл тургундары кабарлашты. Алардын айтымында, ушул тапта тажик жана кыргыз жарандары чатакташып жатышат. Чек арадан мылтык атылганын уккандар да бар.
Маалыматты күч органдарынан азырынча тактоого мүмкүн болгон жок.
3-май күн да аймактагы Ак-Сай айылынын тургундары менен тажик жарандарынын ортосунда чатак чыккан эле. Окуянын чыгышына тажикстандыктар жайлоого мал айдап бараткан аксайлыктарды жолдон өткөрбөй койгону себеп болгон. (SE\JsA)