Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:36

Маматалиев: Чек арадагы кырдаал көзөмөлдө


Вице премьер-министр Абдырахман Маматалиев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжал эки тараптуу чаралардын негизинде басаңдаганын “Азаттыкка” айтты. Анын айтымында, эки өлкөнүн милиция кызматкерлери тең аймакта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Сүйлөшүүлөр уланууда. Мунун алдында чек арада эки тараптан тең болжол менен миңдей адам топтолуп турганы айтылган.

Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылына жакын жерде кыргыз-тажик жарандарынын жаңжалы бүгүн кечке жуук тутанган. Чатакташуу жол жана жайыт маселесинен улам чыкканын "Азаттыкка" облустук милициядан билдиришти.

Окуя болгон жерге барган Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Дүйшөн Ниязкуловду тажикстандыктар сабап койгон. Ниязкулов менен кошо дагы бир кыргыз жараны токмоктолгон. Алар учурда Самаркандек аймактык ооруканасында жатышат.

Ушул тапта Баткен - Исфана (Лейлек районунун борбору) жолу жабык турат. Тажик тараптан автомат атылганын уккандар да бар.

Баткен шаарынын чыга беришине азыр тосмо бекет коюлуп, жаңжал чыккан жакка эч ким өткөрүлбөй турат. (SE)

XS
SM
MD
LG