Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:36

Нигерияда исламчыл топ жүздөгөн адамдарды өлтүрдү


Нигерияда исламчыл маанайдагы “Боко Харам” тобунун согушкерлери Гамборун-Нгала шаарында жүздөгөн адамдарды өлтүрүп, турак жайларды өрттөп салды. Жергиликтүү бийлик 7-майда согушкерлер шаарга бастырып киргенин жана туш келди адамды аткылаганын билдирди. Каза болгондордун саны 300дөн ашуун экени айтылып жатат. Маалыматка караганда, согушкерлердин аракети 5-майда эле башталган.

2009-жылы «Боко Харам» үч миң кишиге өлүм жарыялаган. Өткөн жылы эле бул экстремисттик топтун колунан 1 жарым миң киши көз жумганын эл аралык «Эмнести Интернэшнл» уюму белгилейт.
XS
SM
MD
LG