Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган кыргызстандык 9 адам ооруканада жатат. Эки кишинин абалы оор. Жергиликтүү тургундар чатак учурунда 30 киши ден соолугунан түрдүү жараат алганын билдиришти.
Тажик тараптан жабыркагандар тууралуу так маалымат жок. Тажик жарандары кыргызстандык бир кишини барымтага алып алганын, ал милициянын аралашуусу менен бошотулганын жергиликтүү тургундар кабарлашты.
Чыр чыккан аймакта эки мамлекеттин күч кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, топтолгондор таңкы саат төрттөр чамасында таратылды. Учурда Баткен-Исфана жолу ачык. Бул тууралуу Баткен районунун акимчилигинен маалымдашты.
7-май күнү кечки саат жетилерде чек арага жакын Жака-Өрүк айылынын аймагында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Түнкү саат онго жакын кыргыз тараптан бир дүкөн, май куюучу жай жана бир-эки машине өрттөлгөн.
Бул өрттөөлөр жаңжал чыккан Жака-Өрүккө жанаша турган Көк-Терек айылында болгон. 17 түтүнү бар бул кыштакча туш тарабынан тажик айылдары менен курчалган. Түнү менен айылды милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турду.
Жаңжал учурунда арага түшкөн Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Дүйшөн Ниязкуловду да тажикстандыктар сабап койгон. Милиция өкүлү да ооруканада.
Кыргыз-тажик чек арасында жыл башынан бери жол жана жайыт маселесинен улам жаңжалдар көп катталып жатат. (SE/JsA)