Бүгүн Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча Москвада сүйлөшөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди.
Анын айтымында, эки мамлекет башчы Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселесинен тышкары эки тараптуу энергетикалык долбоорлор, анын ичинде “Роснефть” компаниясынын “Манас” аэропортун жаңылоого катышы тууралуу да сүйлөшөт.
Атамбаев Москвага Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекет башчылардын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн 7-майда учуп кеткен. (SE)