Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

Баткен - Исфара жолу буулду


Баткендин Кызыл-Бел айылынын 70ке жакын тургуну Баткен - Исфара жолун бууп турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди. Анын айтымында, жол буугандар аймактагы чек ара маселелерин тезинен чечүүнү талап кылып жатат.

Ошондой эле кечээ Баткендин Жака-Өрүк айылындагы чек ара чатагы боюнча күнөөлүүлөрдү жазалоо маселесин коюшууда. Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG