ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Кеминде селдин кесепети такталууда

Чүйдүн Кемин районунда куткаруучулар кечээ күнкү селдин кесепеттерин жоюу үстүндө иштеп, зыянын тактоодо.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 7-майдын кечинде мөндүр аралаш жааган катуу жаандын айынан Кызыл-Октябрь айылынын тоо этегиндеги Бөрүбай коктусунан сел жүргөн. Суу Кызыл-Октябрь айылында 30 турак үйдү жана 1 мектептин короосун каптаган. Адам өмүрүнө зыян тийген жок.

Соңку эки күндөн бери Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында да сел жүрүүдө. (RK)
​
XS
SM
MD
LG