Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Тажик тарап чек арадагы чыгымды төлөп берет


7-майда чыр чыккан жердин схемасы
7-майда чыр чыккан жердин схемасы
Баткенде өрттөлгөн 3 контейнер, 2 дүкөн жана 2 унааны тажик тарап төлөп берүүгө макул болду. Бул тууралуу ички иштер министри Абдылда Суранчиев Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, 7-майда чыр чыккан аймакта азыр абал туруктуу, бирок 60-70 киши чогулуп турат. Учурда милициянын атайын кызматкерлери абалга көз салууда.

Суранчиевдин айтымында, чек арадагы жаңжалды Тажикстандын жарандары атайылап уюштурушу мүмкүн деген версия каралууда. Себеби жаңжал чыгаары менен ал тараптан эл дароо чогулуп, чыр башталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча окуядан кыргыз тараптан 14 адам жабыркады. Анын 9у ооруканада. Бир адамга ок тийген, анын абалы оор.

Окуя боюнча кылмыш иш козголгонун ИИМ башчысы билдирди.(BkA)

XS
SM
MD
LG